Ал эми депутат Алмазбек Токторов азырынча “Кыргызпочтасы” ишканасынын кызматкерлерин кыскартуунун кажети жок экенин айтты.

 

“Азыр “Коопсуз шаар” долбоору иштей баштады, алардын дагы билдирүүлөрүн жеткирүү милдети турат. Ишкананын кызмат көрсөтүү көлөмү өстү. Анын штат бирдиктерин кыскартпай, тескерисинче штатын да, маянасын да көбөйтүү керек. Соцфонд пенсионерлердин эсебинен жашаган мекеме, ал келерки жылы 42 адамды кыскартса, “Кыргызпочтасы” 1400 адамды кыскартат экен, ушу дагы калыстыкпы”, - деди ал.

 

Белгилей кетсек Жогорку Кеңеште «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралды. 

 

Маалыматка караганда Кыргызстанда 675 миңден ашуун пенсионер бар. Пенсия өлчөмүнүн ырааттуу өсүшү үчүн 1 пенсонерге 3 иштеген адам туура келиши керек, бирок азыркы учурда 1 пенсионерге 1 иштеген адам да туура келбейт. Ошондон улам, көмүскө экономиканы көрүнөө алып чыгуу, кош бухгалтерия менен эмгек акыны жашырып берүү жосундарын жоюу милдети турат.