"Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишкананы атайын банкрот кылууну кайсы бир тарап көздөп жатат. Анын ордуна башка мекеме ачылып, башчылыгына кимдир бирөөнүн бажасы келүүгө шайланып да жатат. Мындай маалыматты депутат Рыскелди Момбеков парламентте жарыялады. Ал «КР Социалдык фондунун 2020-жылга бюджети жана 2021-2022-жылдарга божомолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып жатканда Соцфонддун башчысына суроо узатты. 

 

"Мага кайрылуу келди. Жакында “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын пенсияны жеткирүү кызмат акысы кыскартылыптыр. Демек, анда иштеген адамдар эмгек акы алышы кыйындайт. Алардын маянасы ансыз деле аз – 4 миң сом. Эмне, эми мамлекеттик ишкананы банкрот кылганы жатасыңарбы?" - деди депутат. 

 

 

Соцфонддун төрагасы Медер Ирсалиев “Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасынын кызмат акысы 0,1 пайызга кыскартылганын моюнга алды.

 

“Азыр анын кызмат акысы 0,1 пайызга азайтылды. Андан ишкана анчалык деле жабыр тартпайт. Үнөмдөлгөн каражат пенсияларды көбөйтүүгө жумшалат. “Кыргызпочтасынын” кызмат көрсөтүү акысы банктарга караганда кымбат, бирок ал мамлекеттик ишкана болгондуктан, көп жылдан бери колдоп келебиз. Азыр анда иштегендердин маянасы 4 миң сом эмес, 7 миң сом”, - деди.

 

Депутат азыр Кыргызпочтасы” мамлекеттик ишканасын атайылап банкротко учуратуу менен, башка мекемеге айлантып, анын жетекчилигине өз адамын алып келүү аракети жасалып жатканын баса белгиледи.

 

“Ал кызматка кайсы бажа келерин деле билебиз. Ишкананын кызмат акысын кыскартуу чарасы деле ошого байланышып турат. Ага кошул, ишканадан 1400 адам кыскартылып жатыптыр. Ошондуктан, мамлекеттик ири ишкананы банкрот кылгандан көрө, сактап калуу чараларын көрүү керек”, - деди.