Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Алмаз Мамбетов паспорт чыры 1994-жылга барып такалаарын биллдирди. Айтымында аталган жылы улуттук паспорттордун жаңы үлгүсү киргизилип, ИИМдин паспорт столунан 100-200 миң документ жоголуп кеткен. Мына ошол жоголгон паспорттор учурда ар кайсы өлкөнүн жарандарынан табылып жатат. 

 

"Кыязы ошондогу жоголгон паспортторду учурдун жаңы паспортуна алмаштырышкан окшойт", - деп жоромолдоду Мамбетов. 

 

Буга чейин вице-спикер Аида Касымалиева Россияда полиция кайсы мигрантты токтотпосун кыргыз паспортун көрсөтүшөөрүн жарыялаган. Ал паспорттор болгондо да жасалма эмес чыныгы болуп чыгаарын, ал турмак ПИН да ар дайым тастыкталаарын айтып, бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматына суроо узаткан. Депутат белгиленгендей коңшу өлкөлөрдүн жарандары көтөргөн кыргыз паспортторунун басымдуусу Сузак районунан берилген.