"Баарыңар эле чечинген актрисага басым жасап атасыңар. Көргөзмөгнүн концепциясы, канча сүрөтчү катышат ошону айтайын. 50дөн ашуун сүрөтчүлөр 22 өлкөдөн келген. Жуля деген Даниядан келген кыз чечинерин Мира Жангарачева билген эмес. Уюштуруучу катары мен билгем", - деген ал искусстовонун тарыхында дайыма дене көрсөтүлүп келгенин, музейде мындан бир нече жыл мурун Шыгаев жылаңач кыздын денесине сүрөт тартканын билдирди. 

 

"Бул бардык музейлерде болот. Аялдын чечингени менен аял укугунун байланышы жок деп жатышат. Байланышы бар. Чечинүү менен үйдөгү зомбулуктун түз байланышы бар", - деген Капалова бирок байланышты толук чечмелеп бере албады.