Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, маданият, билим берүү, илим жана саламаттык сактоо боюнча комитети  кыргыз улуттук баш кийимин маданий баалуулук катары сактоо, кеӊири жайылтуу максатында иштелип чыккан “Улуттук баш кийим Ак калпакка маданий символдун статусун берүү жөнүндө” мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды. Демилгечилер – депутаттар Экмат Бакбакпаев менен Бакирдин Субанбеков.

 

Депутат Экмат Байбакпаевдин айтымында, мыйзам долбоорунун башкы максаты ак калпакты өлкөнүн маданий символу катары пайдаланууга шарт түзүү болуп саналат. Мындай салт көптөгөн башка өлкөлөрдө деле бар.

 

Андан сырткары, Бузуулар жөнүндө кодекске да өзгөртүү киргизилип, кыргыздын улуттук баш кийимин мазактаган жеке жактарга 1 миӊ сом, юридикалык жактарга 5 миӊ сом айыппул салуу чарасы сунушталып жатканы белгилүү болду.

 

Өкмөт мыйзам долбооруна карата каршы корутунду бергени белгилүү болду. Өкмөт өкүлүнүн айтымында, мыйзам долбоору Конституциянын 18-беренесине кайчы келип, жарандардын укуктарынын чектелишине өбөлгө түзөт.

 

Демилгечи арабызда кыргыздын ак калпагын итке кийингизип мазактаган адамдар бар, коомчулук аларды жоопкерчиликке тартууну талап кылып жатканын айтты. Муну депутат Алмазбек Токторов да колдоду. Анын пикиринде, мыйзам долбоору башка жарандардын укугун чектебейт.

 

Эске салсак, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин 2016-жылдын 29-июнунда кабыл алынган токтому менен Кыргызстанда ар жылдын 5-марты Ак калпак күнү катары белгиленип келет.