"Мира Жангарачевага чоң сый-урмат менен мамиле жасайм. Аны музейдин директорлугунан алуу чечими шашылыш жана туура эмес болду.

 

Мен феминалле деп аталган коомчулукта чуулгандуу резонанс жараткан көргөзмөнү колдобойм.

 

Менин көз карашымда маданият министри дароо эле "элдик массанын" талабына көнбөшү, уюштуруучулук мүнөздөгү чараны кабыл албашы керек эле, андан көрө алгач кырдаалды эки бөлүккө бөлүп териштирүүгө аракеттенсе болмок:

 

1) Коюлган маселелердин курчтугу, биздин өлкөдөгү аялдардын оор абалы;

2) Аялдардын укугун коргоо коомдук демонстрация ыкмасын мамлекеттик искусство музейинин имаратында өткөрүүнүн коомдогу адат-салт, менталитетти эске алганда ыктуулугун;

 

Мира Жангарачева көпчүлүк адамдар картиналарга тиктеп унчукпай кыдырышып, сүйлөшсө да шыбыр менен сүйлөшкөн  музейдин ишин жандандырууга аракеттенди. Тилекке каршы жаңы ыргакты кошууга аракеттенген биринчи умтулуусу, анын эмес, европалык өлкөлөрдүн биринин "жылаңач картина" образында турган  өкүлүнүн "айыбы" менен акыркы да болуп калды. 

 

Жалпысынан бардык талкуу "жылаңач" теманын айланасына чогулду жана аны менен коомчулуктун көңүлүн актуалдуу маселелерди чечүүдөн бура алышты. 


Эгер министр Жангарачевага карата кабыл алган чечимин жокко чыгарса туура болмок. Мындай кадам анын абройуна бир да залакасын тийгизбейт тескерисинче өз катачылыгын оңдоо жөндөмү, жеке позициясына ээ болуу - бул жетекчилик  көрөгөчтүктүн, өз алдынчалуулуктун жана жоопкерчилүүлүктүн белгиси. Жангарачевага баштаган ишин улантууга жана өткөндөн тийиштүү жыйынтык чыгарууга мүмкүнчүлүк бериш керек".