Камчыбек Ташиев Гапар Айтиев атындагы көркөм-сүрөт музейиндеги "жылаңач" көргөзмө тууралуу пикирин соцтармактагы баракчасына жазып, укук коргоо кызматтары, мамлекет башчы чара көрүшү керектигин белгиледи:

 

“Урматтуу уюткулуу Кыргыз элим!


Бизди, мамлекетти, кыргызды ичинен ириткен ушул акмактар, гей-пей, ошолорду баштаган колдогон Роза Отунбаева башында турган жана чоң кызматтарда иштеп жүргөн бир топ адамдар жок кылат!

 

Мамлекетти сактап, каада салты, тарыхы жана келечеги менен кийинки муундарга өткөрүп берүү милдетибиз. Бардык колдо болгон мүмкүнчүлүктөр менен күрөшүүбүз керек.

 


Мамлекет башчыбыз, укук коргоо органдары чара көрүңүздөр, элдин тагдыры турган жерде жумшактыктын кереги жок. Колдон келбесе, дух жетпесе, анда айткыла жардам беребиз. Кыргыз элибиздин келечеги үчүн тобокелчиликке барууга даярбыз. Чочулабагыла бул шпиондордон, элибиз колдоп алат!!!”