Бишкекте өткөн кыргыз күрөш боюнча биринчи Азия чемпионатында Монголиядан келген Анар Дорж баш байгеге ээ болгонун   Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти. 

 

Эске салсак кыргыз күрөшү боюнча биринчи жолу Азия чемпионаты 27-28-ноябрда  Бишкекте  өткөн. Анда   55 кг чейин, 60 кг чейин, 74 кг чейин, 84 кг чейин, 96 кг чейин, 96 кг жогору салмактагы категорияларда 7 медаль коюлган жана   12 өлкөдөн келген спортчулар күч сынашкан.

 

Монголиялык спортчу 28-ноябрда абсолюттук салмакта 16 балбандын арасында   беттешке чыккан. Ал  үч балбанды уткан жана  финалда  кыргыз балбаны Нурбек Кожобеков менен беттешкен.  Жыйынтыгында  Кожобековду  3:2 эсеби менен утуп алган.

 

Дорж  алтын медаль тагынды жана  “Улуу балбан” наамын жана 100 миң сом акчалай сыйлыкка ээ болду.