Ырчы Анжелика Кайратова жолдошу Урмат менен ажырашканы мындан аркы турмуш жолу көпчүлүктүн көңүл борборуна илинип келген. Акыркы убакта Инстаграм баракчасы аркылуу жүрөк ээсин тапканын жар салган ырчы анын ким экенин жашыруун кармап табышмактуу билдирүүлөрү менен гана чектелип келген. Кийинчерээк ырчынын колун сураган мырза казак улутунан экени маалым болгон. Ага улай анын Казакстанда министр экенин, анан барып олигарх экенин айткан божомолдор да көбөйгөн. Мындай маалыматтарга Анжеликанын кезектеги посту чекит койгонсуду: 

 

"Аны министр, миллиардер деп жазууну токтоткула. Ушундай болоорун билип ачыкка чыгарбай келгем. Башка адам менен коллаж жасап таратууга да үлгүрүшүптүр. Мунун сиздерге эмне кереги бар?" - деп жазды ырчы.