Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин директору Мира Жангарачеванын кызматтан алынганы тууралуу кабар бүгүн тараган. Бул музейдеги аял укугун коргоого арналган көргөзмөнүн болгонуна байланыштуу экени маалым.

 

Мира Жангарачева арызын өз каалоосу менен жазганын, министрлик жагынан кысым болбогонун журналисттерге билдирди.

 

“Мага маданият, маалымат жана туризм министри тарабынан басым болгон жок. Бирок арыз жазуума айрым агрессиялуу адамдардын менин жана музейдин кызматкерлеринин өмүрүнө коркунуч туудурган коркутуп-үркүтүүлөрү себеп болду. Мен абдан таң калдым, биздин олкөдө заманбап искусствого каршы улуттук патриоттук азганак топ саясатка укмуштуудай таасирин берет экен. Алар эч убакта музейде болушкан эмес, искусство эмне экенин түшүнүшпөйт. Кыргызстанда курч маселелер бар эмеспи, Бурулай сындуу кыздар уурдалып өлтүрүлүп жатат, 4-5 жаштагы кыздар зордукталып, өтө сулуу жашоого кызыгы күчөп, жашоого умтулган кыздарыбыз уурдалып, зордукталып, анан кайра сыртка ыргытылып жатпайбы, бул эмне эч кимди санааркатпайбы? Эмнеге ушундай окуяларды токтотуу үчүн ИИМ, же башка тийиштүү кызматтардын алдына барып акция өткөрүшпөйт? А мени санааркатат. Анткени 25 жылдан бери депутат боломбу, социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр боломбу, БУУда иштеймби – так ушул аялдар укугу үчүн күрөшүп келдим. Биз кандайдыр бир ординардуу эмес ыкма менен бүгүнкү күнү өлкөбүздө болуп жаткан окуяларды көрсөтүшүбүз керек да”, - деди Мира Жангарачева.