Акыйкатчыга иш сапарында жүргөндө да блогер Афтандил Жоробековдун кармалышы боюнча маалымат жеткирилген. Акыйкатчы Токон Мамытов КР Акыйкатчысынын жана анын аппаратынын мандатына ылайык, ыйгарым укуктарына каралган бардык тийиштүү чараларды көрүүнү, келип чыккан жагдайды ар тараптуу карап чыгуу, эгер А.Жоробековго жардам берүү зарылдыгы келип чыкса анын конституциялык укук жана эркиндиктерин сактоо жана коргоо боюнча  бардык чараларды көрүүнү тапшырган. 

 

2019-жылдын 29-ноябрында  Акыйкатчы аппаратынын  Жарандык –саясий  укуктарды, мигранттардын,чет элдик жарандардын жана аскер кызматчыларынын укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн кызматкери УКМК ТИЗОсуна барып, камакка алынган блогер Афтандил Жоробековго жолукту.

 

Жолугушуу маалында А. Жоробековдун жанында  жеке жактоочу Тимур Султанов менен “Адилет” укуктук клиникасынын жетекчисинин орун басары Бектур Осмонбаев болгон. Андан тышкары, Акыйкатчынын өкүлү менен бирге  Кыйноолорго каршы улуттук борбордун эки өкүлү дагы камактагы адам менен маектешти.

 

 Афтандил Жоробеков тарабынан кармоо шарттарына жана тамак-ашка  даттануу болгон жок. Камактагы адам өзү маалымдагандай, убактылуу кармоочу жайга кирип жатканда фельдшер текшерген, ден соолугуна даттануу жок. Ошондой эле  ага карата коркутуу жана кыйноолор болгон эмес. “Менде эч кандай даттануум  же дооматым жок, эч жакка  кайрылайын деген да оюм жок” –деп айткан.  

 

Акыйкатчы аппаратына А.Жоробековдун туугандарынан да эч кандай арыз же кайрылуу келип түшкөн эмес.

 

КР Акыйкатчысы жана анын аппаратынын кызматкерлери тарабынан ыкчам жана баарын камтыган чаралар анын мандатында каралган алкактагы ыйгарымдарга кирген аракеттер көрүлгөн.

 

Бирок бир интернет-ресeрстун журналисти, жетишээрлик маалыматка ээ болбой туруп, бүтүндөй Акыйкатчы аппаратынын ишине негативдүү баа берүүгө ашыкты. Анан калса, эл аралык жолугушуу өткөрүп жатат деп айтылганына карабастан (жолугушуу 11-00дөн-11.35ке чейин болгон), бул учурда Акыйкатчы БУУнун өкүлдөрү менен расмий жолугшууну өткөрүп жаткан.

 

Ошол учурда КР Акыйкатчысы менен жолугуу мүмкүн эместиги түшүндүрүлгөн. Бул арада Жарандык – саясий  укуктарды, мигранттардын,чет элдик жарандардын жана аскер кызматчыларынын укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн кызматкери УКМКдан Афтандил Жоробековго жолугуудан келип калган, ошол себептен басма-сөз катчысы журналистти ал кызматкер менен жолуктурган. Эмне үчүн Акыйкатчы өзү барган жок деген суроого, ал Арменияда иш сапарында болчу-деген жооп берилген. Азыр кайда дегенге, азыр эл аралык жолугушууда деп айтылган. Ошол аралыкта Акыйкатчы Токон Мамытов жолугушуу аяктаган соң, учурда ремонт иштери жүрүп жаткан имараттын бөлүгүн, анын ичинде оңдоо иштери жүрүп  жаткан ажаткананы да кыдырып жүргөн.

 

Акыйкатчы Институтунун Борбордук кеңсесинин имаратында жана анын тегерек четин  оңдоо иштери жыл башынан бери эле жүрүүдө. Атап айтканда, үчүнчү кабаттагы чоң зал капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн, анда учур талабына ылайык конференц-зал уюштурулуп  жана Кыргызстандын аймагында адам укуктары менен алектенген бардык каалоочуларга диалогдук аянтча түзүлгөн. Ошондой эле, имараттын чатыры жаңыланып, жабылган, айлана-тегеректи көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлгөн. аппараттын чакан залын оңдоо үчүн кошумча жумуштар жүрүп жатат.    

 

Мындан сырткары, офиске келүүчүлөр жана арыз ээлери үчүн ыңгайлуу болушуна кам көрүлүп, учурда ажаткана бөлмөлөрүнүн толук ремонттоо иштерижүрүп жаткан, анткени буга чейин ажаткана бөлмөлөрүнүн саны жана абалы санитардык гигиеналык талаптарга жооп берчү эмес. Биринчи кабатта да ажаткананын эки бөлмөсү (айымдар жана эркектер үчүн) курулууда, ошондой эле буга чейин иштеп турган экинчи кабаттагы ажаткана бөлмөлөрүндө оңдоо иштери жүрүүдө. Бул иштер бир карганда эле көзгө көрүнөт, аны камера менен жүргөн журналист байкабай калышы деги эле мүмкүн эмес. Ага карабастан ал ремонт иштерин көзөмөлдөн өткөрүп, жооптуу кызматкер менен чогуу жүргөн Акыйкатчынын аракетин башкача, маданиятсыз өңүттө көргөзүп, өзү иштеген  интернет-басылманын аудиториясын жаңылыштыкка түрттү.

 

Өзүнүн репортажында, «Bespredel.kg» сайтынын администратору, блогер Афтандил Жоробековдун укуктарын жана эркиндиктерин  коргоо боюнча Акыйкатчы аппаратынын ишин чагылдыруудан оолактап, Афтандил Жоробековдун укугу бузулбаганы жана укук коргоочулардын жардамына муктаж эместигин уккан соң,  мүмкүн, Акыйкатчынын ишмердигин жана Кыргызстандын бийлигинин ишин каралоо аракети боюнча сценарийи “ишке ашпай калгандыктан” журналист өзүнүн маалыматтык долбооруна көрүүчүлөрдүн көбүрөөк аудиториясынын көңүлүн буруу  максатында “чыр-чатакты ырбатуунун жаңы жолдорун табуу” тапшырмасын интернет-басылманын жетекчилигинен алгандай таасир калтырды.