Интернетке Японияда ресторан ачкан кыргыз кызынын ыйлап жаткан видеосу жарыяланып, аз убакыттын ичинде миңдеген көрүүчүлөрдү топтоду. 

 

Андан маалым болгондой видеодогу кыргыз кыз Асель жолдошу Теру Минагава менен Фукуока шаарында жашайт жана көптөн бери ресторан ачууну кыялданып келген. Акыркы жумада алар азия ашканасынын ресторанын ачууга болгон күч аракет жумшашкан. 

 

29-ноябрга белгилеген ачылышына Асель соцтармак аркылуу досторунун  баарын чакырган. 

 

"Мына биз акыры эшигибизди кардарларга ачтык. Баары жүрөктөн даярдалды, азык-түлүктөр жогорку сапатта, баары үй шартында жасалган. Достор, келгиле, өз кыялын ишке ашырган адамды көрүп кеткиле", - деп жазган соцтармакка. 

 

Бирок ал күнү эч ким келген эмес. Ызасына чыдабаган Асель ыйлап, эми ушул азыктардын баарын үйгө көтөрүп кетээрин айткан. Жолдошу Теру бардык иш башталганда ушундай болоорун айтып соороткон. 

 
Соцтармактагы кыргызстандык колдонуучулар тарабынан  Японияга барып калышса Аселдин ресторанына сөзсүз кайрылышаарын, анткени "чет жакта жүргөн кыргыз кызын көрүп, акыбалын суроо кыргыз эркектерине парз" экенин айткандар болууда.