Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин  директору Мира Жангарачева кызматынан кетүүгө арыз жазып, аны Маданият, маалымат жана туризм министри кабыл алды. Бул тууралуу аталган министрликтен билдиришти. 

 

Эске салсак музейдеги феминисттердин иш чарасы коомчулуктун нааразычылыгын жараткан. Улуттук музейге аялдын ич кийимин илүүгө жол берген директорго карата нааразы пикирлерге Мира Жангарачева "бул ич кийим эмес, укук экенин, аялдын жылаңач денесин көрбөй жандүйнөсүн көрүү керектигин" белгилеп жооп берген. Ошондой эле ал аялдардын укугун камтыган маанилүү иш чарадан жылаңач аялды гана көрүүнү "түркөйлүк" деп белгилеген.