25-ноябрда Бишкекте Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Раимбек Матраимовду камоо талабы менен митинг болгон. Андан кийин бир жума өтпөй Гапар Айтиев атындагы сүрөт  музейинде аялдардын укугун коргоого багытталган деген аталышы бар иш чара башталды. Коомчулук аялдардын ич кийиминин улуттук музейде илингенине нааразы болушту. Феминисттердин мындай кылыгы батыштын саясатына ыңгайлашып жатканын айтышууда.

 

Экс-депутат Надира Нарматова митинг менен иш чаранын байланыштырган пикирин жарыялады. Анын айтымында “митингчилер Матраимовду каматуу талабы менен өздөрүнүн арам ойлонуп ишке ашырууну каалагандар”.

 

 

“ Роза Отунбаева башында турган, “Азаттык”, НПОлор, эл аралык уюмдар Кыргызстандан колуңду тарт!


Роза Отунбаева Кыргыз элинин эсебинен түбөлүктүү коргоого алынып, 80 миң пенсия алып жашап жатып, Кыргыздын улуттук баалуулуктарына кол салып, чет мамлекеттин ырын ырдап, арам оюңду ишке ашырып, ичкен казаныңа түкүргөндөн уялып чөйрөңө чогулткан “Азаттык” баш болгон НПОлорго, эл аралык уюмдарга, кыргыздын жигиттерин салып берип талатып, кыргыз элин салып берип, ызы чуу салган максатыңдан кайткын!


Сулуу чымчык болуп, уюштуруп коюп,уялбай чет өлкөлүк кызматташтарың менен ролик жасап, кыргыздын менталитетин талкалоону көздөгөн багытыңдан уялгын!


Урматтуу кыргыз элим!


25-ноябрда болгон митингдеги катышуучулардын максаты эмне экендигин түшүнгүлө!
Раим Матраимовдун сүрөтүн көкөлөтүп,эрмектеп, өздөрүнүн арам ойлорун ишке ашыруунун максаты,кыргыз элинин тынчтыгын бузуп, жаңжал чыгаруу экендигин түшүнгүлө!


25-ноябрдагы митингге катардагы жарандар, ою туура адамдар катышкан жок. Жалаң "Азаттык" баш болгон, НПОлор, Эл аралык уюмдар менен иштешип, Батыштын каражатына сугарылып жүргөн адамдар, чет өлкөлүк жарандар, Кыргыз мамлекетинин талкаланып, жок болуп кетүүсүн эңсегендер, Батыштын акчасына азгырылып, мекенин сатканга даяр тургандар, чет өлкөгө чыгып кетүүнү каалагандар, кыргыз үчүн бир жакшылык кылбагандар, аялы, баласы Американын жараны болуп, өзү Кыргызстандын ЖКга  отуруп алып түрдүү ыплас сөздөрдү, мамлекеттин трибунасынан пайдаланган Дастан Бекешовго окшогондор катышкандыгын сүрөттөр, видеолордон көрдүңөр.


Эсиңерге келгиле кыргызым!


Өзүңөрчө тытышып,бир бириңди каматканга кызыкдар болбой, Мамлекеттин бүтүндүгүн ойлогула!” - деп жазды Надира Нарматова.