Эмилбек Каптагаев Фейсбуктагы баракчасына Тарых музейин “дүңгүрөтүп” жаткан феминисттердин иш чарасы тууралуу пикирин мындайча билдирди:
“Кыргыз Республикасынын Конституциясына: "Кыргыз Республикасында Кыргыз элинин улуттук өнүгүү кызыкчылыгына жооп бербеген, улуттук нарк жана дөөлөттөргө туура келбеген иш аракеттерге жол берилбейт" - деген ченем так жазылууга тийиш. Антпесе бейсалт пенделер, алардын бирикмелери улам көбөйүп, тамыр жайып отуруп акыр-аягы чоң чатакка кирептер болуубуз толук ыктымал”.