Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде бир канча күндөн бери ызы-чуу.  Анда  жылаңачтанган айымдардын иш чарасы өттү. 

 

Музейде аялдардын ич кийимдери илинип, ар кандай сөздөр жазылган. Ал турмак жылаңачтанып денесин көргөзмөгө койгон айымдарды да кездештирүүгө болот. Мындай көрүнүш коомдун нааразычылыгын жаратты. Айрымдар бул элди эки ажырымга бөлүү үчүн батыштын атайын саясаты экенин белгилешүүдө. Бир канча ай мурда гейлерди колдогон митингдин болгонун эске салышкан кээ бирлер Кыргызстанды батыштын илдетинен сактап калууга аракет көрүү зарылдыгын айтышты. 

 

 Музейдин директору Мира Жангарачева коомчулукка болуп жаткан иш чара аялдардын укугун коргоого багытталганын айтып, аялдарды жылаңач катары гана көрүүнү токтотуп, алардын жандүйнөсүн, оюн, пикирин да угууга үйрөнүүгө чакырган. 

 

 На изображении может находиться: 4 человека