Бүгүн, 29-ноябрда Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Раимбек Матраимов суракка чакырылганын УКМК билдирди. 

 

Маалыматка караганда Матраимов "Азаттык" жана "Клооп" редакциясынын журналисттеринин иликтөөсүндөгү бардык жагдайлар тууралуу суроолорго жооп берет. 

 

 Журналисттик иликтөөлөрдөгү материалдардын негизинде кылмыштардын жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталган  "Киши өлтүрүүгө аракеттенүү" беренесине ылайыкталган иштин сотко чейинки өндүрүшүнүн алкагында тергөө амалдары жүрүүдө.