Атамбаевдин кызы Алия Шагиевага акыркы үч ай оор болгону баарына белгилүү болсо керек. Анткени атасы камакка алынгандан көп өтпөй уяттуу видеолор интернетке тарап, андагы кыз Алия Шагиева экени айтылган. Мындай видеолор коомчулукту эки ойго түрткөн айрымдары монтаж дешсе, кээ бири анын чындыгына ишенип да алышкан. А бирок Шагиева өзү муну төгүндөгөн да, ачыктаган да эмес. 

 

Кечээ Алия Инстаграмдагы баракчасына жандүйнө бугун жарыялады. 

 

"... Кайсы бир убакта мен өлгүм келгенин туйдум. Үйдө, автобуста, уйкудан жаңы көзүмдү ачкан маалда керебетте жатып, жада калса уктаганда  да ушуну ойлодум - менин дүйнөм эчак өлгөн, эми денемдин бул дүйнөдөн кетиши калды. Мен жашоодо төрөттөн өткөн жан сыздаткан оору жок деп ойлочумун. Жаңылыптырмын.

 

... Кийинчерээк мага акыл-эс келди - менин өлгүм келбейт. Баштагы сезимдер жөн гана жандүйнө оорусунан кутулууга гана аракет экен", - деп жазган Алия Шагиева. 

 

Андан ары ал оор абалдан куткарып, жандүйнөсүнө жашоого болгон умтулууну, баштагы абалын тартуулаган жолдошуна ыраазычылыгын билдирген.