Каракол шаарындагы №4 Абит Ахматов атындагы мектеп гимназиясына даараткана курулат жана ага 700 миң сом сарпталат. Бул тууралуу шаардын мэриясынан маалымат таратылды. 

 

Анда айтылгандай даараткананын өзгөчөлүгү жок, кадимкидей эле болот.  Окуучулар үчүн курулат жана кол жуучу жабдыктар да орнотулбайт, анткени кышында түтүк тоңуп калышы ыктымад. Учурда колдонулуп жаткан даараткана 1991-жылы курулган жана барган сайын жараксыз абалга кептелүүдө. 

 

700 миң сом республикалык казынадан бөлүнөт.