Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары «Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2018-жыл үчүн аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу» мыйзам долбоору, «Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору жана «Кыргыз Республикасынын 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоорлорун экинчи жана үчүнчү окууда жактырды.

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөт мүчөлөрү 2019-жылдагы өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана 2020-2021-жылдарга карата өлкө бюджетинин болжолу тууралуу маалымат беришти.