2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча кол коюлган протоколдо мамлекеттик сыр жатат. Аны ачыктоо мүмкүн эмес. Бул тууралуу саясатчы Камчыбек Ташиев “Азаттыкка” маек берип жатып билдирди.
Эске салсак 2009-жылы кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрүнүн негизинде кыргыз жерин тажик тарапка ижарага берүү боюнча протокол кабыл алынган. Ага ошол кездеги коопсуздук Кеңешинин катчысы Адахан Мадумаров кол койгон. Бул протокол коомчулукка чыкканына аз убакыт болду жана элдин күчтүү нааразычылыгын жараткан.
Камчыбек Ташиев протоколдун чек ара чырын чечкенге канчалык зыяны тийип жатканы тууралуу мындай деди:
“Протоколго кол коюлган, коюлбаган учурда да чек ара тилкесин так сакташыбыз керек. Чек аранын такталбаганынын айынан келишпестиктер чыгып адам өмүрү кыйылып жатат. Бир нерсе уурдалса, башка болсо да бир жөн, Кудайдан берилген эң кымбат болгон адам өмүрү кыйылып жатпайбы. Буга ким жооп берет?” – деди саясатчы.
Айтымында жакында Лейлек районуна барып келген. Ал жактан Ак-Сай боюнча мамлекеттик деңгээлде иш аракеттер жүрүп жатканына күбө болгон. Мисалы Ак-Сайга барчу жол асфальттанып, аз да болсо инфраструктура орноп, кандайдыр бир иштер аткарылып жатканы байкалып калган.
“Мамлекеттин бүтүндүгү, келечеги мамлекеттик деңгээлдеги башкы маселе. Бүгүнкү президент да кетет, эртең башкасы келет. Ата-бабаларыбыздан калган аймак дагы миңдеген жылдар сакталып, урпактарыбызга бүтүн өткөрүлүп берилиши үчүн ар бир мамлекет башчысы аракет кылуусу зарыл”, - деди Ташиев.
Ошондой эле саясатчы соцтармактагы чек ара маселелери боюнча билдирүүлөрүнө да токтолду. Ал чек арада чыр чыккан учурда билдирүүлөрүн жазып жатып эмоцияга алдырып жиберээрин моюнуна алды.
“Мамлекеттик чек араларда ызы-чуу чыкканда барып өз көзүм менен көргөнгө аракет кылам. Бара албасам жок дегенде кайрылуу жазам. Ооба, кээде эмоцияга алдырып да жиберем. Эгер менин ал маселени чечкенге, чечим кабыл алганга мүмкүнчүлүгүм болгондо башкача кылмакмын”, - деди саясатчы.