Өкмөт өлкөнүн экономикасын өнүктүрүү, калк турмушун жакшыртуу анын ичинде республикалык бюджетти аткаруу, коомчулуктун көңүлүн өйүп турган көмүскө экономиканы көрүнөө алып чыгуу, коррупциялык жосундарды жоюу, жаңы жумушчу орундарын түзүү жаатында бир катар алгылыктуу чараларды көрүп жатат. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште республикалык бюжеттин долбоору каралып жатканда билдирди.

 

«Ошондой эле, Кыргызстандын башкы каржы документинин долбоорлору каралып жатканда, коомчулук арасында кызуу талкуу жараткан «Азаттык», Kloop, OCCRP журналисттеринин өлкө аймагынан мыйзамсыз чыгарылып кеткен 700 млн доллар көлөмүндөгү каржаттын дайыны боюнча иликтөөсү тууралуу унчукпай койгонубуз туура эмес болуп калат. Азыркы учурда курамы укук коргоо органдарынан турган мекемелер аралык топ түзүлүп, журналисттердин иликтөөсү боюнча текшерүү амалдарын жүргүзө баштады», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

 

Премьер-министр бажы тармагында орун алган коррупциялык жосундарга карата каршы пикирлерин айтып жаткан коомчулук менен эл өкүлдөрүнүн пикирин колдой турганын, Өкмөт Жогорку Кеңеште түзүлгөн депутаттык комиссиянын ишине жакындан жардам берип, бул багытта биргелешип иш алпарууга даяр экенин баса белгиледи. «Экономиканын өнүгүшүнө бөгөт болгон мындай терс жосундарга каршы биргелешип күрөш жүргүзүшүбүз керек», - деп, ал депутаттарды сунушталган бюджет долбоорлорун колдоп берүүгө чакырды.