Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча иштин негизинде соттук отурум өтүү. Процесске судья Инара Гилязетдинова төрайымдык кылды. 

 

Анда сот тараптардын пикирин укту. Бул жолу мурдагы өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге сөз берилди. Ал тергөө үстүртөн болуп иштин бардык жагдайлары эске алынбаганын белгиледи. Ошондой эле ал айыбын моюнуна албай турганын, өлкөсү үчүн уялаарын билдирди. Айтымында "Нью-Йорк Таймс" гезити Кыргызстанда мурдагы өкмөт башчыларын саясий себептерден улам соттоп жатышат деп жазган. Ал өзүнүн өлкөсү алдында абийири таза экенин белгилеп, акыйкат болооруна дагы да ишенерин айтты. 

 

 Айыптоочу тарап Сатыбалдиевди 11 жыл үч айга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоону суранууда.