Бирок эмнегедир крим авторитет Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кетиши боюнча иште Феликс мырзанын аты аталбай жатат. Бул балким Куловдун криминалга аралашпагандай түр көрсөткөндөй куулугуна байланыштуудур. Ошентсе да биз төмөндө келтирген фактылар Фелик Куловдун криминалдар менен анын ичинде Батукаев менен байлынышы бар экендигин даана тастыктайт.


Көзү тирүүсүндө Рысбек Акматбаев бир тууганы парламент депутаты Тынычбек Акматбаевдин өлүмүнө Куловду күнөөлөгөн/ Албетте бул бекеринен эмес. Анткени абакка барган депутат Тынычбек Акматбаевди ит аткандай атып салууда Батукаевдер кыргыз бийлигиндеги айрым чиновниктерге таянган. Бизге жеткен маалыматтар боюнча Кулов Батукаевге коопсуздукту жана Рысбек Акматбаевдин өлүмүнөн кийин эркиндикти кепилдик кылган. Бирок Кулов Батукаевди түрмөдөн өз маалында чыгара алган эмес. 2010-жылы апрель окуясынан кийин Батукаев түрмөдө жатып алып, Куловко айткан сөзү үчүн жооп бериш керек деп эскерткен. Ошондо “Темир генералга” “гениалдуу” комбинацияны ойлоп табууга туура келет. Ал Башкы прокуратура жетекчилигине Батукаевди Жаныш Бакиев менен алмаштыруу туурасында сунуш берет. Албетте бул иш укук коргоо органдарында ири өлчөмдөгү парасыз бүтмөк эмес. (биздин булактар 1,5млн доллар деп маалымдашат) Ошентип Башкы прокуратура Азиз Батукаевдин өлүм алдын деген жасалма документке көз жумуп койот. Калганы коомчулукка жакшы белгилүү. Аэропортко Рамзан Кадыров жөнөткөн менчик учак келип конот. Батукаев учака отуруп, Орусияга жөнөп, бүгүнкү күнгө чейин дени-сак жашоодо. Ал эми Ж.Бакиев тууралуу сурашканда Батукаев: “Анда мен берген 1,5млн долларды кайтарып бергиле анан сүйлөшөбүз” деп койгон.


Чындыгында Батукаевди бошотууда коррупциядан тышкары Куловдун планы да чоң роль ойногон. Бул чындыкка жакын версия десек жаңылышпайбыз. Анткени Кулов Батукаев менен бир колонияда чогуу отуруп, достук мамилелери бар экени айтылып эле жүрөт. Куловдун Батукаев менен болгон мамилесинин дагы бир далили “Казбек Черный” аттуу каймана аты менен белгилүү Билаловду мыйзамдагы уууру кылып шайлоону пландашканы билдирип турат. “Казбек черный” кавказ улутундагы авторитеттер арасында салмактуу адам болгон. Ал ар-дайым Батукаевдин идеялаларын колдоп келген. Кыргызстандан 2010-жылы чыгып кеткен. Анткени мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин өч алуусунан корккон.


2010-жылдын май айынын аягында “Казбек черныйды” Орусияда Москва шаарындагы соода сатык комплексине “смотрящий” кылып бекитишкен. Эске салсак аталган комплексте Орто Азиядан чыккан ишкерлер анын ичинен Кыргызстандыктар да иштешет. Муну менен катар Кулов Батукаевди Бишкек шаарына 1-СИЗОго которуунун аракетин көргөн. Максаты Батукаевдин Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын колонияларында отурган кылмышкерлер арасында авторитетин жогорулатуу болгон. Мамлекеттик төңкөрүш болуп же бийлик алмашып кеткен учурда Кулов камактагылардын колдоосу менен Билаловду мыйзамдагы ууру шайлап Батукаевдин мураскери кылууга кызыкдар болгон.


Крим чөйрөдө И.Кочкоровдун өлүмүнө заказчиктердин бири болуп Юстиция министринин орун басары Зубов шектелет. Зубов ошол убакта Мамлекеттик жаза аткаруу башчысынын биринчи орун басары Сапаевке, тез арада И.Кочкоровду СИЗО-1ден ИК-8ге которууга тапшырма берген. Ошол эле учурда Зубов өзүндө болгон байланыштар аркылуу Батукаев менен байланышып И.Кочкоровдун көзүн тазалоону сураган. Бул өлумдүн башка заказчиги болуп Кулов да саналышы мүмкүн. Анткени ал дагы Батукаев жана Зубов менен жакын мамиледе болгон.
Феликс Куловдун криминалдар менен “ысык” мамилеси Батукаев өлкөдөн чыгып кеткен соң да уланган.


2017-жылы КР муфтийи Максат ажы Токтомушев каймана аты “Большой Рус” аттуу уюшулган кылмыштуу топтун өкүлү менен Чалдовар шаарчасынын мечитинде жолуккан. Ошол жерде окуяга күбө болгондордун айтымында “Большой Руска” муфтий дем салып берген. Максат ажыны дуа окуп берүүнү ЖК депутаты “Республика Ата-Журт” партиясынан Фархад Иминов суранган. Муфтий дуа окуган соң кайдан жайдан белгисиз ошол мечитке криминал авторитети Камчы Көлбаев жансакчылары менен кирип келип, мечиттеги баян айтууга кошулат. Баян айтылып бүткөндөн кийин “Большой Рустун” чакыруусу менен кечки тамакка барышкан. Тамакка кечигип Ар-Намыс партиясынын лидери Феликс Кулов келген.


Жалпылап айтканда өзүн “Мыйзамдын темир калканы” атаган Феликс Кулов илгертеден Батукаев менен байланышып, абакта отурганда аны менен табакташ болгону крим чөйрөдө айтылып эле келе жатат. Андыктан Батукаевди сыртка чыгарууда Куловдун “Жаныш Бакиевге алмашмай” операциясы да чындыкка жакындайт. Массалык маалымат каражаттарында мыйзамдуулук туурасында кеп кылганды жакшы көргөн Феликс Кулов “каралар” менен болгон байланышын качанкыга чейин жашырат болду экен?

 

Учур-ФБ