Жамааттык Коопсуздук жөнүндө келшим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин башчылары бүгүн, 28-ноябрда ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына катышуу үчүн Бишкек шаарындагы «Ала-Арча» Мамлекеттик резиденциясына келишти.

 

Мамлекет башчылары Кыргыз Республикасынын Сооронбай Жээнбеков тосуп алды. Расмий сүрөткө түшүү жөрөлгөсүнөн соң, делегация башчылары ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин тар курамдагы сессиясына бет алышты.

 

ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясына Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков, Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикистан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Армения Премьер-министри Никол Пашинян жана ЖККУ башкы катчысынын милдетин аткаруучу Валерий Семериков катышат.