1-январдан баштап күйүүчү-майлоочу материалдар боюнча контрабандага бөгөт коюу максатында республикадагы бардык май куюучу майлар санариптештирилет. Бул тууралуу премьер-министр Абылгазиев парламентте билдирди.

 

Айтымында бүгүнкү күндө  Кыргызстанда 975 май куюуучу жай бар. Алардын баары санариптештирилсе, кайсы жайда майдын кайсы түрү канча өлчөмдө автоунааларга куюлуп жатканы  базадан көрүнүп турат. Бул   өлкөгө жашыруун алынып келинген күйүүчү майлардын азайтат.

 

Ошондой эле алкоголь, дары-дармек, тамекилерди ташып келүү да көзөмөлгө алынат.