- Биз сизге Азаттык редакциясынын 700 миллион доллардын чыгарылып кетиши боюнча иликтөөсүнө, Саймаитинин өлүмү жана Раим-миллиондун айланасындагы ызы-чууга байланышкан суроолорду берели дедик эле?

 

- Сизди конкреттүү эмне кызыктырат?

 

- Бул жаңжалга кандай карайсыз?

 

- Сиз жаңжал деп туура айттыңыз, бирок бул саясий деңгээлдеги жаңжал...

 

- Эмнеге саясий деңгээлдеги?

 

- Анткени, саясий максат орун алган жана бул саясий жаңжалдын уюштуруучулары өз максаттарына жетишти... Баары ушул тууралуу эле айтып калышты, демек коомчулукка чоң резонанс жаратты...

 

- Кандай саясий максаттар тууралуу айтып жатасыз?

 

- Алар абдан көп... Бирок башкы максат - Раим эмес, башкы максат - саясий кырдаалды курчутуу, саясий туруктуулукту дестабилдештирүү... жана андан ары парламенттик шайлоолорго кол сунса жетерлик эле убакыт калат...

 

- “Азаттыктын” редакциясы саясий максатты көздөп жатат дегенге ишенесизби?

 

- Кеп “Азаттыктын” редакциясында эмес, кеп алардын кожоюндарында... ким төлөсө ошол музыкага тапшырык берет, нотаны тандайт жана аткаруучуларды дайындайт... Же сиз “Азаттыктын” бишкектик редакциясы ушундай масштабдуу эл аралык иликтөө жүргүзө алат деп чындап эле ойлоп атасызбы... Азаттык  - СССРди тараткан, Кыргызстандагы 2005 жана 2010-жылдардагы эки революцияны жасаган “Радио Свобода” дүйнөлүк маалымат желесинин филиалы гана экенин унутпаңыз... Мен ошол жылдарда деле бул радионун активдүү угуучусу болгом.

 

- Жакшы, бирок сиз иликтөөнүн материалдарына ишенесизби?

 

- Эмнесине ишениш керек? Саймаити киши колдуу болду дегенинеби? Бул факт. Же аны Раим уюштурду дегенинеби? Эл арасында мындайды “кемпирдин алжыганы жаман” деп коет. Кимдир бирөөнүн ким бирөө менен болгон тааныштыгына карап андан киши өлтүрүүнүн уюштуруучусун табуу – бул маалыматтык согуш, бирок мен Башкы прокуратуранын иликтөөнү башташын колдойт элем. Ушул нерседен бардык фактыларды сууруп чыгып, андан кийин гана жыйынтык чыгарыш керек. Иликтөөдөгү айтылган материалдарга көңүл бурбай коюу такыр болбойт. “Азаттыктын” редакциясынын эмгеги – бийликтин  ордунан кыймылдашына түрткү болду.

 

- Раимди камоо талабы менен өткөрүлгөн митингге кандай карайсыз?

 

- Сиз өзүңүздүн сурооңуз менен кайра эле жооп берип койдуңуз. Башкы кеп – митинг Раимди камоону талап кылды. Маевский дагы Текебаевди камоону талап кылган, ал жок дегенде көрсөтмө берген, документтерди көрсөткөн...  а бул жерде Раимди камоону митинг талап кылып жатат! Бул эмне? Бул кыргыз демократиясындагы кандайдыр бир ноу-хау. Мен митингдин уюштуруучуларына кийинки митингди уюштураарда “оорукчан кыялыңар менен эмес, башыңар менен ойлонгулачы, сураныч”- дейт элем... Алгач расмий иликтөө керек, сот болуп, андан кийин отургузуу керекпи же жокпу чечилиши керек. Иш албетте 1937-жылдагыдай абалга жетпеди, ал убакта үч адамды беш мүнөттө атууга өкүм кылышкан, бирок эгер бул кыргыз демократиясындагы  ноу-хау митингдин уюштуруучулары мындан ары да ушундай логикада кете беришсе, анда бул Линч соту менен аяктайт, башкача айтканда примитивдүү самосуд болот! Ошондо Кыргызстан дароо Афганистанга, Ливияга, Судан, Сирияга – талаа командирлеринин өлкөсүнө айланат. Соцтармактардын колдонуучулары жана флеш-мобдун сүйүүчүлөрүнө өлкөбүздүн ушундай келечеги жакпаса керек.

 

 - Сиз кандай ойлойсуз, бул саясий жаңжал эмне менен аяктайт?

 

- Ар бир нерсенин аягы бар... 2020-жылдын октябрында болчу парламенттик шайлоого чейин бул саясий шоунун түгөнүшү кыйын... а парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жарыялагандан кийин ал жазгы кардай ээрийт... “Азаттыкка” албетте, респект- ыраазычылык, бажы тармагындагы коррупция темасын көтөрүштү, ал жакта баарын түп-тамырынан өзгөртүү керек, телефон аркылуу коркутуу фактысы боюнча прокуратура жана укук коргоо кызматтары ким коркутуп жатканын табышы керек жана фактыларда аты аталгандардын баарына укуктук баа берүүгө тийиш. Мунун баарын коомчулуктун көз алдында ачык-айкын ишке ашырууга милдеттүү. Биз баарыбыз журналисттерге унчукпай отура бербей укук коргоо кызматтарынан өздөрүнө ылайыктуу эмес, коомчулукка керектүү деңгээлде кыймылдоосун талап кылып жатышканы үчүн рахмат айтышыбыз керек.

 

Булак: “Саясат.kg