Конституциянын 36-беренесине ылайык, ар бир баланын дене-бою, акыл-эси, руханий, адептик жана социалдык жактан өнүгүүгө укугу бар. Баланын өнүгүүсүнө зарыл шарттарды камсыз кылуу жоопкерчилигин ар бир ата-эне алып жүрөт. Бирок, бардык эле ата-эне баланы багуу боюнча өздөрүнүн ата-энелик милдеттерин ак ниет аткарбай жатышат.

 

Бул тууралуу депутат Айсулуу Мамашева билдирди. 

 

Белгилей кетсек Жогорку Кеңеште жашы жете элек баланын жашоо деңгээлин көтөрүү, анын керектөөсүн, укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында иштелип чыккан “Алименттик милдеттенмелерди жөнгө салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып, анын концепциясы добуш берүүгө жөнөтүлдү. 

 

Мыйзамга ылайык, 7-14 жаш курактагы бир балага алименттин өлчөмү ата-эненин иштеп тапканынын төрттөн бир бөлүгүн түзүүгө тийиш, бирок мында 4143,44 сом жашап туруу минимумунун жарымысынан аз болбоосу керек. Азыр минималдык алименттин өлчөмүн 1800 сомго чейин көбөйтүү сунушу киргизилүүдө.

 

Ал эми Сот департаментинин өкүлү алимент төлөөдөн качып жүргөн айрым адамдардын карызы 400-500 миң сомго чейин өсүп кетип жатканын билдирди. Ошондон улам, сот аткаруучуларынын ишинин натыйжалуулугун жакшыртуу максатында, алардын штаты дагы 177 бирдикке көбөйтүлүп жатканы белгилүү болду.

 

Бир катар депутаттар мыйзам долбоорун колдой турганын белгилүү менен бирге, алимент төлөөдөн качып жүргөн адамдардын чет өлкөлөргө чыгарылар-чыгарылбасына кызыгышты. Баяндамачы сунушталган жобого ылайык дарылангысы келген андай адамдар соттун чечими менен гана чет өлкөгө чыга алыша турган айтты. Ал үчүн алар сотту ынандыра алышы керек.

 

Депутат Таалайбек Масабиров азыркы учурда аялдарды эркектер эмес, аялдар күйөөлөрүн таштап кетип жаткан фактылар бар экенин белгилеп, алардын санына кызыкты. Сот департаментинин өкүлү ушу тапта аялынан алимент өндүргөн 142 эркек каттоодо турганын, ошол эле учурда кандайдыр бип себептерден улам алимент өндүрүү өтүнүчү менен кайрылбаган жарандар да бар экенин айтты.