"Коомчулукта резонанс жараткан кандай журналисттик иликтөө чыкпасын биринчи анын маңызын караш керек", - деди депутат Жанар Акаев Жогорку Кеңештин жыйынында. 

 

Айтымында "Азаттыктын" иликтөөсүн айрым саясий топтор өз кызыкчылыгына бурганга аракет кылып жатышат. 

 

"Ар бир иликтөөнүн маңызын караш керек. Атамбаевдин тушунда "Азаттыкты" 20 миллион сомго сотко беришкенде ушул жерде отургандардын бири да иликтөө чыкты, карайлы дешкен эмес. Эми өздөрүнүн кызыкчылыгына туура келгенде чыгып жатышат. Саясий топтор иликтөөнү жеке кызыкчылыгыңарга бурбагыла", - деди депутат.