Ширин Айтматова коркутуулар болуп жатканын жарыялады. Бул тууралуу соцтармактагы баракчасына жазды. 

 

Tuz.kg сайты экс-депутаттын мындай билдирүүсүн төмөнкүдөй сыпаттады: 

 

"Эми батышчылар ушинтип хайп кылышат экен. Ишке ашпай калган митингден кийин рейтинг кулады, а госдептик жана гүлендик акчалар дагы да болсо керек.

 

Бир нече булактардын маалыматына караганда Акүйдүн алдында болгон көрүнүшкө Мамдеп 60 миллион доллар бөлгөн. Биздин НПОшниктердин аппетити коррупционерлердикинен аз эмес.

 

Албетте мындай сумма үчүн өзүнө караштууларды да сабаганга болот. Саймаитидей кылып. Аны да аркы дүйнөгө батышчылардын документтерин ачыкка чыгарып, камерага сүйлөп бергени үчүн жөнөтүштү да.

 

Шириндин тынчсыздануучу жасалма экени талашсыз. Бул ызы-чуу биринчи кезекте демөөрчүлөрүнө арналган, океандын ары жагынан грантты эми ушинтип сурашат".