Парламенттин бүгүнкү жыйынында Азаттык редакциясынын иликтөөлөрү тууралуу сөз болду. Ирина Карамушкина андагы аталган фактыларга адатынча бийликти күнөөлөрдү. Депутат Бакыт Төрөбаев бийлик - КСДПнын тандоосу экенин эске салды. 

 

"2010-жылдагы төңкөрүштөн кийин баарын Бакиевге шылтачусуңар. Мага асылгандар да көп болгон бакиевчи деп. Андан бери тогуз жыл өттү. Эми кезек КСДПга келди. Бирок бүгүнкү бийлик КСДПнын тандоосу экенин унутпагыла. Силер тандаган талапкер бийликке келген, биз шайлоодон утулганбыз. Депутаттар жаңжалдашып, талашып-тартышкандан башка бизде башка маселе жокпу? Качанкыга чейин бири бирибизди териштирип, башка маселелерди көңүл сыртында калтырабыз?" - деди Төрөбаев. 

 

Ошондой эле ал КСДПдагылардын баары Атамбаевдин арты менен депутат болушканын дагы эскертти.