Бишкек мэриясы организми сезимтал адамдарды бет кап кийүүгө чакырды.


Чүй ЖКККБ аба ырайы кескин өзгөргөндүктөн айдоочуларга эскертүү берди
Маалыматка караганда, сууктун түшүшү менен автоунаадан чыккан уулуу газдар көбөйүүдө, тургундар үй менен мончолорду жылытууда таштанды, желим жаккан учурлар болууда. Мунун бардыгы абанын булганышына жана анын сапатынын индексинин (AQI) жогорулушуна алып келүүдө.

 

Адатта индекс 0дөн 500гө чейин термелип турат, көрсөткүч канчалык жогору болсо, аба ошончолук кир экендигинен кабар берет. Учурда Бишкекте индекс 50дөн 100гө чейин көрсөтүп турганы айтылды. Маалыматтар Air Visual тиркемесинен алынган.

 

"Организми сезимтал тургундарды бет кап кийүүгө чакырабыз. Мүмкүн болсо үйдө аба тазалагычтарды колдонуп, терезелерди көп ачпаганга аракет кылыңыздар", — деп кеңеш беришти мэриядан.
Мэрия таштанды жана желим өрттөгөндөр тууралуу кабарлап коюуну өтүнөт.

 

Номерлер:

Мэриянын санитардык-экологиялык патрулу: 0 (312) 65-81-59, ал эми сүрөт жана видео фактыларды 0 (505) 88-83-15 номериндеги WhatsApp-каналга жөнөтүүгө болот.

Биринчи Май району: 0 (555) 40-48-18;

Свердлов району: 0 (551) 55-17-45;

Октябрь району: 0 (707) 37-33-73;

Ленин району: 0 (500) 21-04-70.


sputnik.kg