КСДП партиясынын мүчөсү Темирлан Султанбеков Хабибула Абдукадырдын учурдагы бийлик менен байланышы тууралуу көп маалыматты билет. Анын Фейсбуктагы постуна караганда маалыматтарды билгени менен ачыкка чыгарбай келатканы - өзүнөн эмес башка адамдардын коопсуздугунан чоочулаганы. 

 

Ал учурда маалыматтарды ачыкка чыгарса башка бир адамдарга каршы колдонулуп кетээрин, ал эми аларды бул ишке аралаштырууну каалабай турганын жазган. Ошондой эле эгер бир гана өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугуна тиешелүү болсо ачык эле айып салмактыгын, "бирок өлкөдө бардык эле адамдар чындык үчүн күрөшүүгө даяр эместигин" белгилеген.