Анда эл аралык жана аймактык коопсуздук боюнча маселе каралат. Күн тартибинде жалпы жонунан 21 маселе бар.

 

Жыйындын жүрүшүндө бир катар документтерге, анын ичинде уюмдун 2020-жылга карата бюджети бекитилет.

 

Президенттин аппаратынын Тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыковдун маалыматына караганда, ЖККУнун жыйынына Беларус президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Орусиянын башчысы Владимир Путин, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян жана КМШ аткаруу комитетинин аткаруучу катчысы Сергей Лебедев катышат.