Кыргызстандын бардык өлкөлөрүндөгү элчиликтеринин жана дипломатиялык кызматты аркалаган мекемелеринин дипломатиялык номердеги кызматтык автоунаалары текшерүүгө алынат. Бул тууралуу президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков билдирди. 

 

Айтымында Айэркен Саймаитинин өлүмүнөн кийин анын кыргыз башкы консулунун автоунаасын, болгондо да дипломатиялык номердеги унааны айдап жүргөнү ушундай текшерүүгө жол ачты. 

 

"Мурдагы башкы консул Эркин Сопоковдун ишмердүүлүгүн мекемелер аралык жумушчу топ текшерип бүтүп Кыргызстанга кайтып келишти. Эми алар текшерүүнүн жыйынтыгы менен президентти кабардар кылышат", - деди Сыдыков.