Чекене баалардын жума сайын жүргүзүлүүчү мониторингинин маалыматтарынын негизинде КР Улутстатком тарабынан республиканын 18 калк жашоочу пункттарында көмүрдүн (импорттук жана жергиликтүү өндүрүштүн)  орточо керектөө бааларынын талдоосу жүргүзүлдү.

 

Маалымат үчүн: Керектөөчү (чекене) баа - алар соода ишканаларында, рыноктордо же кызмат көрсөтүү чөйрөлөрүндө, ошондой эле көчүп жүрүүчү соода түйүндөрүндө (киоск, чатыр ж.б.) элге чекене сатылуучу товардын же кызмат көрсөтүүнүн иш жүзүндөгү баасы. Керектөөчү баа - керектөөнүн акыркы баасы болуп саналат жана ал өзүнө кошумча нарк салыгын (КНС), акцизди, сатуудан алынган сатыкты жана башка кыйыр салыктарды, ошондой эле товарларды өткөрүүчү тордун уюмдарынын чыгымдарын камтыйт.

 

Ноябрь айынын акыркы үч жумасынын ичинде көмүрдүн орточо чекене баалары  октябрь айындагы баага салыштырмалуу тоннасы 140,16 сомго, же 3,1 пайызга жогорулады, ал аба ырайынын бузулушуна жана калктын суроо-талабынын өсүшүнө жараша болду.

 

2019 жылдын 21-ноябрына карата көмүрдүн максималдуу орточо баасы  Кара –Суу шаарында (бир тонна - 8 485,28 сом), Ноокат шаарында (бир тонна - 7 343,00 сом) жана Баткен шаарында (бир тонна – 7 285,79 сом) болду. Ушул эле учурда  минималдуу чекене баалар өткөн мезгилдегидей эле Чаек айылында (бир тонна – 2 500 сом), Балыкчыда (бир тонна – 3 694,59 сом) жана Нарында ( бир тонна  – 3 741,66 сом) болгону байкалды.         

 

Ноябрь айынын акыркы үч жумасынын ичинде көмүрдүн  басымдуу түрдө  Токтогулда – тоннасы  921,05 сомго, же 20,5 пайызга, Таласта -   925,78 сомго, же 19,8 пайызга жана  Покровка айылында –  500 сомго же 12,5 пайызга кымбаттады. Ушул эле учурда айрым калк жашоочу пункттарда: Баткен шаарында бир тонна - 714,21 сомго же 8,9 пайызга  жана  Кара-Балта шаарында – 50,32 сомго же 1,3 пайызга баалардын төмөндөгөнү байкалды.

 

          Жүргүзүлгөн талдоого жараша көмүрдүн өсүү  баасы улаанууда. 

 

Таблица: Кыргыз Республикасынын айрым калк жашоочу пункттарында көмүрдүн  орточо керектөөчү баалары

 

                          (бир тонна, сом)

 

 

 

2019 ж.

 Октябрь

 

Ноябрдын

3 жумасы

Четтөө:

өсүүсү (+),

төмөндөөсү (-)

 

Кыргыз Республикасы

4 524,52

4 664,68

140,16

Каракол ш.

5 556,98

5 556,98

0,00

Балыкчы ш.

3 694,59

3 694,59

0,00

Кербен ш.

4 249,71

4 647,58

397,87

Токтогул ш.

4 500,00

5 421,05

921,05

Джалал- Абад ш.

5 091,64

5 484,81

393,17

Чаек айылы

2 500,00

2 500,00

0,00

Нарын ш.

3 646,92

3 741,66

94,74

Исфана ш.

6 113,51

6 587,87

474,36

Баткен ш.

8 000,00

7 285,79

-714,21

Кара-Суу ш.

8 124,04

8 485,28

361,24

Ноокат ш.

-

7 343,00

-

Узген ш.

4 538,76

5 013,30

474,54

Покровка айылы

4 000,00

4 500,00

500,00

Талас ш.

4 673,33

5 599,11

925,78

Кара-Балта ш.

3 900,00

3 849,68

-50,32

Токмок ш.

3 749,67

4 055,27

305,60

Бишкек ш.

4 022,07

4 166,03

143,96

Ош ш.

5 899,43

5 933,15

33,72

 

* - базарда товардын убактылуу жоктугу

 

Кыска маалымат: Бааларды каттоонун эң негизги методологиялык принциптеринин бири-баалардын үзгүлтүксүз жана таза өзгөрүүлөрүн сактоо болуп саналат. Баалардын өзгөрүшүнө жүргүзүлгөн байкоо, чекене бааларды, товарды же  кызмат көрсөтүүлөрдү бирдей мезгилде бирдей сапатта каттоону, сатууну жана акы төлөөнү бирдей шарттарда ишке ашырууну, сандын бирдей бирдиктерин карайт. Байкоого мекенде өндүрүлгөн жана импорттук көмүр, басымдуу түрдө Казакстандан алынып келген көмүр алынат. Бааларды жана тарифтерди каттоо, соода ишканаларына жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүнө каттоочулар жеке өздөрү ошол жерлерге барып, бааларды   каттоону смартфонду колдонуу менен жүргүзүшөт. Ошол эле учурда рыноктордо, базарларда жана көчөлөрдө товарлардын сунушталган баалары эмес, алардын иш жүзүндө сатылган баалары катталат. Ошондой эле рыноктор үчүн соода абдан кызуу жүрүп жаткан убакыттын ичинде бааларды каттоо маанилүү болуп саналат.