Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов кытай ишкери Хабибулла Абдукадырдын кандайча Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясына катышып калганын айтып берди. Анын айткандарын адвокат Замир Жоошев соцтармактагы баракчасына жарыялады. 

 

"2017-жылдын 3-ноябрында жаңы шайланган мамлекет башчысынын кызматына киришүү салтанатын өткөрүүгө уюштуруу комитети түзүлдү. Президенттин аппараты эмес так ошол орган инаугурация маселеси менен алектенген. Белгилейм жана баса белгилейм - 16 адамдан турган уюштуруу комитетинде А. Атамбаевдин аппаратынын үч өкүлү гана катышкан", - деген Фарид Ниязов. 

 

Андан ары Фарид Ниязов Хабибула Абдукадырдын инаугурацияга кандайча катышып калганын түшүндүргөн:

 

“Мен Сооронбай Жээнбековдон Хабибула Абдукадыр ага ким болоорун сурагам, ал болсо жакын жана эски досу экенин айтып, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн катарына, ардактуу орунга отургузууну суранган. Ошондуктан Абдукадыр С. Ш. Жээнбековдун жакын туугандарынын – иниси менен карындашынын жанына отургузулган. Сооронбай Шарипович каалагандай Хабибула Абдукадыр өзүн Жээнбековдун үй-бүлө мүчөсүндөй сезген. Ушул жерден белгилей кетейин А. Атамбаевдин жакындары инаугурация салтанатында бир топ ылдыйкы орундарга отурушкан”.

 

Эске салсак президенттин маалымат катчысы Толгонай Стамалиева Хабибула Абдукадырдын инаугурациядагы сүрөтү тууралуу мындай деген:

 

“Салтанатты өткөрүүнү, кимди чакырып, аны кайсы жерге отургузууну А. Атамбаевдин аппараты ишке ашырган”.

 

Стамалиеванын мындай билдирүүсүн Ниязов “актануу” катары баалаган.

 

“Бийлик өзү да өзү айткан сөзгө ишенбей жаткандай таасир калтырды. Албетте бул журналисттердин мыкты иликтөөсүнө байланыштуу чара көрүү катары берилген жооп болду. Мамлекет башчы Жээнбеков Атамбаевге окшоп жалпы элди алдоо узакка созулбай турганын эске албады. Президент жана парламент чече албай турган нерселер бар. Эл жана убакыт менен тарых гана чече турган нерселер бар”, - деген Ниязов.