Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Раимбек Матраимов учурда Кыргызстанда жок. Ал төрт күн мурда үй-бүлөсү менен чогуу чет өлкөлөрдүн бирине сапар алган. 

 

Мындай маалыматты депутат Ирина Карамушкина соцтармактагы баракчасына жазды. 

 

"Райым Матраимов 4 күн мурда үй-бүлөсүн алып өлкөдөн учуп кетти! Эми анын "коргоочусу" качан учуп кетээрин күтөбүз!" - деп жазды депутат. 

 

 Эске салсак  «Азаттык», Kloop жана OCCRP  журналисттери  кыргыз бажы кызматындагы коррупция жана Кыргызстандан чыгарылып кеткен 700 миллион доллар тууралуу иликтөөнү жарыялашкан. Анда  бажыдагы коррупциялык схемаларга Райымбек Матраимовдун катышы бардыгы белгиленген.