Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча  иликтөө жүргүзүүчү депутаттык комиссия өз ишин баштады. Депутат Мурадыл Мадеминов комиссия киши колдуу болгон кытайлык ишкердин ишмердүүлүгү жана анын кыргыз аткаминерлеринин байланышы боюнча журналисттик иликтөөнү да карашы мүмкүн дейт. 

 

"Айрым депутаттар менин байкашымча бул жаатта өздөрүн актоого аракеттенип жатышат. Анткени бул жерде бир гана кытайлык ишкерди ким өлтүрдү деген суроо эмес, ким Кыргызстандан акча чыгарып кеткен деген да суроо жаралууда. 10 жылдан бери Бажы кызматында коррупциялык схема иштеп жатат. Ал Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы жүгүртүлгөн товарлардын көлөмүндө айырма берет. Аны менен бажычылар миллиарддаган сомдорду өзүмдүк кылып алышат. 

 

Учурда бийлик дагы жакшылак иликтөө жүргүзүүгө кызыкдар. Анткени атын айтпай эле коеюн, ал үй-бүлө мурдагы жана учурдагы бийликке байланган. Анын жүзүн ашкерелеш керек. Бул мамлекеттик деңгээлде болууга тийиш. Алар кыргыз элинин акчасын уурдашты, эл алдында жооп беришсин. ТИМдин сурамжылоосу менен Кыргызстандын жана түрк банктары аркылуу чыгарылган акчалар кимге жеткенин оңой аныктоого болот. Акча жөн жатпайт да, балким ал акчага Курманбек Бакиев сыяктуу Лондондон, Дубайдан же Стамбулдан  особняк сатып алышкандыр.  Ал кыймылсыз мүлктөр кимдин наамына катталды? Аны текшерсе эле биздин өлкөнүн жарандары болуп чыга келишет", - деди депутат.