Феликс Кулов мурдагы вице-премьер-министр Шамиль Атахановдун көрсөтмөсү боюнча пикирин билдирди. Аны "Ар - Намыстын" лидери логикага сыйбаган фантастика деп баалады.
Куловдун айтымында ОДКБ өлкөлөрүнүн ортосундагы келишим боюнча андагы мамлекеттер бири бирине карата чалгындоо иштерди жасабайт. Ал эми Жаныш Бакиевди уурдап кетүү боюнча атайын операцияны өткөрүү планы - фантастика.
"Муну ким ойлоп тапты экен? Мамдуманын депутаты Делимханов Бакиевди кармап Кыргызстанга өткөрүп бере турган киши бекен? Мындай ишти бандиттерди жалдап эле ишке ашырабыз дешпесе мыйзамдуу жол менен жасоо мүмкүн эмес", - деди Кулов.
Ал Атахановдун көрсөтмөсү чындыкка окшошпой турганын, андагы сөз билимсиз саясатчы же билимсиз юристтен гана чыгаарын белгилеген. Бул көрсөтмөдөгү айтылгандар коррупциялык иштерди жашыруу максатында ойлонулуп табылышы мүмкүндүгүн да кыйыткан.
Эске салсак Атамбаев менен Атахановду бет келиштирип суракка алуу болгону жана андагы протокол интернетке тараган. Анда Атаханов Батукаевди Жаныш Бакиевге алмаштыруу үчүн атайын абактан бошотушканын билдирген.