ИИМдин мурдагы орун басары Курсан Асанов өткөн жылда 861 миң 198,6 сом иштеп тапкан. Ал бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын Бирдиктүү декларациясында көрсөткөн. 

 

Анда белгилүү болгондой министрдин мурдагы орун басары жыл ичинде кирешесинен чыгашасын көбөйткөн эмес, болгону 570 миң сомду короткон. 

 

Ошондой эле анын 2,7 миллион сомдук ири мүйүздүү, 1 миллион 870 миң сомдук майда мүүздүү малы бар. 350 миң сомдук эмеректерди пайдаланат. 

 

Ал эми жакындары бир жылда 670 миң 831 сом табышкан. Чыгымдары белгисиз. 74 чарчы метр аянттагы батир бар.