Бүгүн Жогорку Кеңеште кытайлык ишкер Саймаитинин өлүмү боюнча жагдайларды иликтөөгө депутаттык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын курамына Алтынбек Сулайманов менен Искендер Матраимов киргени белгилүү болгон. 

 

Буга дейре кытайлык ишкер өлтүрүлгөндөн кийин анын кыргыз аткаминерлерине байланышы боюнча бир катар маалыматтар жарыяланган. Ага дейре Кыргызстандан чыгарылган миллиондор Айэркен Саймаити аркылуу өткөнү да белгиленген. Мындан улам кытайлык ишкер менен кыргыз аткаминерлеринин байланышына коомчулук тыкыр көз сала баштаган. "Азаттык" кечээ жарыялаган иликтөөсүндө Саймаитинин акыркы маегине таянып Кыргызстандан чыгарылган миллиондор, ири коррупциялык схемага Райымбек Матраимовдун катыштыгы бардыгын дагы бир жолу далилдегендей болду. 

 

Райымбек Матраимовдун аты аталган ишти иликтөөгө анын бир тууган агасынын комиссияга мүчө болушу коомчулукта түшүнүсүз ойду жараткан. Депутат Алмамбет Шыкмаматов  Айэркен Саймаитинин өлүмүн иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын курамында Искендер Матраимовдун болушу коомчулукта ишенбестик жаратат дейт. 

 

"Искендер Матраимов комиссиянын курамынан чыгышы керек. Болбосо комиссия иликтөө жүргүзгөндөн кийинки корутундусуна коомчулук ишенбейт", - деген Шыкмаматов Матраимовду комиссиядан чыгарууну башка мүчөлөр да талап кылышы керек дейт.