Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу парламент бардык сынды түшүнүү менен кабыл алаарын белгилеп, бирок балдарды колдонуу менен айып тагуу чектен ашкандык экенин айтты.
"Бул жыйынга депутаттар, балдар, балдар укугун коргоо боюнча адистер, ЮНИСЕФ уюмунун кызматкерлери жана журналисттер катышкан. Кичинкей коногубуз олуттуу маселени козгоп, өзгөчө чеберчилик менен, балалыктын бал тилине салып сүйлөгөнүнө күбө болгон катышуучулардын бардыгы, бир эле депутаттар эмес, телеоператорлор дагы күлүп, анын артынан дароо кол чаап колдоп жиберишти. Бул жагдай кичинекей коногубузду толкунданткандай болду. Видеонун Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы тарткан версиясында жыйынды алып барган вице-спикер Аида Касымалиева кичинекей коногубузга кайрылып: “Жакшы маалымат бергениң үчүн сени колдоп кол чаап жатабыз. Азаматсың!” деп айтканын угууга болот. Жыйындын катышуучуларынын бардыгынын пикири ушундай деп ойлойбуз. Биз ЮНИСЕФтин өкүлдөрү менен дагы бул окуяны талкуулап, толугураак түшүндүрмө берүүгө даярбыз. Айрым маалымат каражаттары жазгандай “Жогорку Кеңештин депутаттары кичинекей кызды шылдыңдап, ыйлатканга чейин барышты” дегендей маалыматтар чындыкка жатпайт", - деди Нуракун уулу.
ЭСке салсак 20-ноябрда Балдардын дын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата депутаттар мектептин окуучулары менен жолугушкан.