20 -ноябрда Балдардын бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата кенже класстын окуучулары ЖК депутаттары менен жолугушкан.
Анда №87 мектептен келген кичинекей кыз сөз сүйлөп жатып өзү окуган мектепте окуучулар өтө көп экендигин, ошончо окуучуга бир гана медайым кызмат көрсөтөөрүн айткан. Андан ары "уколду да жөн сайбай акчага сайышаарын" айтып жатканда депутаттар күлүп кол чаап жиберишкен. Кыздын көзүнө жаш тегеренип андан ары сүйлөөдөн баш тарткан.
Жарандык активисттер кыздан кабар алышып, эмнеге ыйлашканын сурашканда кыз: "Күлүп жиберишкенде мени шылдыңдап жатышат го деп ойлогом. Эми гана эмнеге күлүшкөнүн түшүндүм", - деген.
Жарандык активист Мелис Аспеков: "Күлгөн депутаттар кызга жардам бергиле. Жардамга муктаж үй-бүлөдөн экен" деп жазып чыкты.