Бүгүн Жогорку Кеңеште уйгур тектүү кытай ишкери Айэркен Саймаитинин Түркиянын Стамбул шаарында өлтүрүлүшү боюнча иликтөө жүргүзүү үчүн депутаттык комиссия түзүлдү. 

 

Эске салсак буга чейин парламент жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов интернетте аны каралоо максатында Саймаитиге байланышкан маалыматтарды таратып жатышканын билдирген. Ал Саймаити тууралуу толук маалыматты алып коомчулукту кабардар кылуу зарылдыгын белгилеген. Ошондуктан эл өкүлү депутаттык комиссия түзүүнү сунуштаган. 

 

Анын сунушу кабыл алынып депутаттык комиссия түзүлүп, курамына төмөнкүлөр кирди: 

 

  • КСДП фракциясынан Өмүрбек Бакиров, Сайдолимжон Жураев, Аалы Карашев жана Искендер Матраимов.
  • "Республика — Ата-Журт" фракциясынан Мирлан Жээнчороев, Закир Шарапов жана Талант Мамытов.
  • "Кыргызстан" фракциясынан Данияр Төлөнов, Алмазбек Эргешев.
  • "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан Тынчтык Шайназаров.
  • "Бир Бол" фракциясынан Алтынбек Сулайманов.
  • "Ата Мекен" фракциясынан Алмамбет Шыкмаматов.

 

Комиссияны түзүүгө 85 депутат "макул" деп добуш беришти.

 

Эске салсак  10-ноябрда   Стамбулдагы мейманканалардын биринин алдында  ишкер Айэркен Саймаити атып өлтүрүлгөн. 

 

Кытай ишкери ага дейре Кыргызстандагы чуулгандуу миллиондор темасында аты аталып калган болчу. Ишкер өлтүрүлгөндөн кийин анын кайсы кыргыз аткаминерлер менен байланышы болгондугу чубалып, айрым маалыматтар Матраимовдорго такалса, кээ бири Алтынбек Сулайманов, Торокулов сыяктуу депутаттарды да чаргып өткөн. Жогорудагы депутаттардын комиссиясынын курамында аты аталгандардан Искендер Матраимов, Алтынбек Сулайманов бар.