Кытайлык бизнесмен, "Азаттыктын" иликтөөсүндө Кыргызстандан чыгарылып кеткен миллиондогон долларларга катыштыгы бар Хабибула Абдукадыр президент Сооронбай Жээнбековдун 2017-жылдын 24-мартында болгон инаугурациясына катышкан экен. Андагы сүрөттү таап чыккандар интернетке жарыялашты.
![]()
Сүрөттө көрүнүп тургандай Абдукадыр президенттин элчи иниси Жусупбек Шарипов, Атамбаевдин досу Андрей Бельянин менен катар отурат.
Белгилей кетсек Хабибулла Абдукадырдын аты "Азаттыктын" киши колдуу болгон кытайлык ишкер Саймаитинин өлүмүнөн кийин жарыялаган маегинен кийин белгилүү болду. Маркум ишкер өлөөр алдында ал Кыргызстандан миллиондогон долларларды чыгарып кетүүнү каалаган кыргыз аткаминерлерине жардам берип келгенин жана ал жөнөткөн акчанын көбү жашыруун уйгур үй-бүлөсүнүн лидери, Кытайда төрөлгөн, 55 жаштагы Хабибулла Абдукадыр иштеткен компаниялардын түйүнүнө агылып турганын айткан.
Абдукадырдын эң жакын туугандары Хадир, Палван жана Айбибула деген сыяктуу бир нече фамилияны колдонушат жана бизнес империяга Хабибулла Абдукадыр жетекчилик кылааары белгиленген.