Депутат Искендер Матраимов Бирдиктүү декларациясында 2018-жылы 901 миң 377 сом тапканын жазган. Бул анын айлык акысы, иштеген жерден алган маянасынан башка киреше булактары жок экен.  Бирок чыгымдары да дээрлик жок. 214 чарчы метр аянттагы жер тилкеси менен турак-жайы өзүнө катталуу. Андан тышкары эмерек, аудио, фото, видеотехникалары, компьютерлери, оргтехникалары жана жылкылары бар. Жылкыларынын баасы 5 миллион сом. 

 

Үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү болсо өткөн жылы депутатка караганда көп акча табышып, ошончо көп кайра коротуп салышкан. кирешелери - 4 миллион 6 миң сом, а чыгашасы - 4 миллион 80 миң сом. Ошондой эле "АвтоСТОлица" ЖЧКсынын 50 пайыздык үлүшү алардыкы. Андан сырткары курулуш, айыл чарба багытындагы жана кайсы багытта экенин аталбаган жер тилкелери да бар. 

 

Искендер Матраимов Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууган агасы. "Азаттыктын" бүгүн жарыяланган иликтөөсүндө Кыргызстандан чыгарылган миллиондогон долларларга Райымбек Матраимовдун түздөн түз байланышы бардыгы көрсөтүлгөн. Мындан улам Искендер Матраимовдун карапайым декларациясына коомчулук ишене албай турат.