Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашев 2018-жылы 679 миң 634 сом иштеп тапканы Бирдиктүү декларацияны толтурганда белгилүү болгон.
Учурда Мамлекеттик салык кызматынын Бирдиктүү декларация кампаниясы 2018-жылга карата ишин жыйынтыктады.
Анда белгилүү болгондой Сарыбашевдин 104,76 чарчы метрлик үйү жана 6 сотых жер тилкеси бар. Кыймылдуу мүлктөрүнө ири жана майда мүйүздүү жандыктарын, жылкыларын жазган. Ал эми автоунаасы жок.
Жакындары босо өткөн жылы 250 миң сом иштеп табышкан, алардын да менчилигинде жер тилкелери жана үй бар.