"Апрель" телеканалына "Санарип технологиясы" ЖЧКсы тарабынан эфирге чыгууга уруксат берилди. Бул тууралуу "Апрель" сайты жазып чыкты. 

 

Анда айтылгандай аталган ЖЧК мындай чечимди кечээ, 21-ноябрда жалпы жыйында кабыл алган. Андан тышкары 7-каналдын көрсөтүүлөрүн ошол калыбында калтыруу да кабыл алынган. Чечим жашыруун добуш берүү менен аткарылган. "Санарип технологиясынын" көпчүлүк мүчөлөрү эки телеканалдын тең ишин үзгүлтүккө учуратпоого макул деп добуш беришкен. 

 

Учурда "Апрель" телеканалын ишин кайра жандандырууга камылга көрүүдө. Биринчи эфир 26-ноябрда чыгарылаары пландалган. 

 

Эске салсак 7-августта телеканалдын иши токтотулган. Телеканалдын офиси жайгашкан "Медиа Форум" тергөө кызматы тарабынан 9-августта камакка алынган.