Кой-Таштагы 7-8-августта болгон окуяны териштирген мамлекеттик комиссия корутундусун чыгарып Жогорку Кеңешке жиберген. Документке комиссиянын мүчөлөрүнүн баары, анын ичинде айрым жыйынтыктарга макул болбой каршылыгын билдирип жаткан Конституциялык палатанын экс-судьясы Клара Сооронкулова да кол койгон. Бирок экс-судья кол койгону менен баштагы пикиринен кайтпаганын билдирген. 

 

Корутунду кечээ күнү жыйынтыкталган. «Комиссиянын бардык мүчөлөрүнө ишке активдүү катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирем. Мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрүнүн бардык сунуштары талкууланып, 2019-жылдын 7-8-августундагы окуялардын бардык жагдайларын иликтөө ар тараптуу жана комплекстүү жүргүзүлгөнүн белгилеп кетким келет», - деген вице-премьер-министр Жеңиш Разаков.

 

Депутат Алмазбек Батырбековдун айтымында мамкомиссиянын корутундусун кароо парламенттин күн тартибине кийинки жумада коюлушу мүмкүн. 

 

Регламент боюнча бул маселе дароо пленардык жыйынга чыгарылат. Анткени корутундуну депутаттар талкуулай гана алышат аны өзгөртүү, же кошумчалоо мүмкүн эмес. Андыктан профилдик комитеттер, фракциялардын кароосуна коюлбайт.